2015-жылдын март айында "Административдик жоопкерчилик тууралуу" Кодекске өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү эрежелерин бузган чет элдик жарандар же кыргыз жарандыгы жок адамдарга салынчу айыппулдун көлөмү 10 миң сомго чейин жогорулатылган! Бир жыл ичинде бул эрежелер кайра бузулса өлкөдөн чыгарып салуу каралган.
КРнын Мамлекеттик миграциялык кызматынын кайрылмандар иши боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова «Экономикага» берген маегинде «Кайрылман» мамлекеттик программасы менен башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын интеграция болуудагы көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.
2017-жылы 1 536 адам кайрылман макамын алган.
"Кайрылман" мамлекеттик программасы
Бул өзгөртүүлөрдүн этникалык кыргыздарга кандай тиешеси бар? Кыргыз жарандыгын алгыча этникалык кыргыздар юридикалык жактан алганда чет элдик жаран катары саналат.
Кайрылман макамын алуу көйгөйү
Кыргызстанга Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын лидерлеринин бири Беккелдиев Сапар Хурсанович "Экономикага" берген маегинде кайрылман макамын алуу кыйын экенин билдирди.
"Кайрылман" коомдук фондунун жетекчиси Сапар Беккелдиев
"Кайрылман" статусун алуу өтө кыйын
Көпчүлүк мигранттар үй куруу үчүн жер алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес (Жерге-Талда жана Мургабда жер тилкеси менен үйлөр 4-7 миң доллар турат, Чүй облусунда бир топ кымбат. Мындан тышкары, Памирде накталай акча жок болгондуктан акчасын бөлүп берсе болот деп сатышат) ошондуктан алардын мамлекеттен жардам күткөндөн башка аргасы жок.

2009-жылы киргизилген жерлерди трасформациялоого чектөө киргизүү боюнча мораторийден улам иммигранттар азырынча жер тилкесин ала албай келишет.

"Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер тууралуу" мыйзамы этникалык кыргыздарды Кыргызстандын аймагында кайрылман катары сөзсүз каттоого турууга милдеттендирбейт.
Кыргызстанга Тажикстандан жана Өзбекстандан келген этникалык кыргыздар жер мораторйине туш болушкан. Натыйжала алардын көбү мыйзамсыз жашашууда же кыймылсыз мүлкү жана жарандыгы бар туугандарыныкында каттоого турушкан.
Кайрылман күбөлүгү миграциялык кызмат тарабынан бир жылга берилет, андан кийин аны 2 жолу узартса болот. Мыйзамда бул документ анын ээсине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргызстандагы келген жеринде каттоого турууга (мурунку паспорт столдор) уруксат берери жазылган.
Кайрылмандар кандай жашашууда?
Кара-Балта. Мурдагы бала бакчанын жана оорукананын имаратында жашаган көчүп келген кыргыздар келечегин талкуулашууда. Акыркы 20 жылда Кара-Балтадагы бул мекеме Кыргызстанга башка мамлекеттерден келген этникалык кыргыздардын убактылуу жашоочу борборуна айланган. Видео "Экономика" гезитинин иликтөөсүнүн алкагында тартылып алынган.
Баардык кыргызстандыктарга рахмат
Көчүп келгендер эмнени күтүшкөнү тууралуу айтышууда
Кайрылмандын уулу эмнеден улам каза болгон?
Биздин редакцияга Ысык-Ата районунда жашап жаткан 1990-жылы туулган Таирова Гулистан кайрылды. 2018-жылдын март айында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы аймактык ооруканада 2017-жылы 4-октябрда туулган анын уулу Махматаиров Лутфуло каза тапкан. Энени айтымында, эгерде анын баласына өз багында медициналык жардам берилгенде уулу тирүү болмок.
Гулистан Таирова
Этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү көз жаздымда калбаса дейм
2016-жылы КРнын Өкмөтү 2017-2022-жылдары Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздарга жардам берүү үчүн «Кайрылман» программасын кабыл алган.
Бул документ Кыргыз Республикасынын аймагында этникалык кыргыздарга жардам берүү, аларды кабыл алуу шарттарын жакшыртуу боюнча мамлекеттик миграциялык саясатын ишке ашырууга багытталган.

Көчүп келгендер үчүн чыгарылган чийки мыйзам
Кара-Балтадагы Чапаев көчөсүндө мурдагы "Солнышко" бала бакчасы жайгашкан. Анда 1996-жылдан тарта Тажикстандан көчүп келген кыргыздар жашап келишет. Дагы бир маалыматтарга ылайык, этникалык кыргыздарга бериле электе ал жакта оорукананын тери бөлүмү жайгашкан. Бул жайдын жашоочулары мурда оорукананын керебеттерин алып кетишип, кереги жок кагаздарды өрттөшкөнүн эскерип калышат.
Биз үчүн мыйзамдар иштейби?
Мурдагы бала бакчанын чатырынан суу тамып турат. Бурчтарда жана шыптарда сарыккан суулардын тактары бар. Жуунуучу жай, газ жок, суу жана электр энергиясы гана бар. Даараткана сыртта жайгашкан. Баардык жашоочулар электр энергиясы үчүн төлөмдү электр эсептегичи менен төлөйт. Ошондой эле суу, таштанды үчүн да акча төлөп турушат.
"Кайрылман" – бул этникалык кыргыз Кыргызстандын мамлекеттик органдарына расмий кайрылып алчу юридикалык макам. Ага чейин алар жөн гана чет элдик болуп саналышат.
"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамдын 4-беренесинде мыйзамдын негизги милдеттери Кыргыз Республикасынын аймагында этникалык кыргыздардын - иммигранттардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу жана алардын социалдык-экономикалык жактан көнүгүүдөн өтүшү үчүн шарттарды түзүү экени жазылган. Бирок иш жүзүндө бир мыйзам кепилдик бергени менен башка ченемдик актылар этникалык кыргыздардын укугун толугу менен коргоого жол бербейт.
Этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү
КРнын Мамлекеттик миграциялык кызматынын кайрылмандар иши боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова «Экономикага» берген маегинде «Кайрылман» мамлекеттик программасы менен башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын интеграция болуудагы көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.
Мамлекеттик миграциялык кызмат
Этникалык кыргыздардын ассоциациясын түзүү керектиги тууралуу
Өлкөнүн санда жок жарандары

Иммигранттык тармактагы башкы көйгөйлөрдүн бири өз укуктарын жана милдеттерин билбегендик. Алардын көбү 2012-жылы эле КРнын президенти тарабынан кол коюлган жарандык алуудагы жеңилдиктер тууралуу билишпейт! Бул тууралуу жада калса иммигранттар биринчи кездеше турган паспорт столунун кызматкерлери дагы билишпейт.

Ал эми каттоого тургузуу боюнча азыр иш алпарган институт аларды санда жок жаран кылууда, аны менен катар эле этникалык кыргыздарда эмес, мамлекетте дагы көйгөй жаралууда, себеби көчүп келгендердин так саны жок. Мунун баары иммигранттык "геттону" жаратууда, ал эми жерлерди трансформациялоого мораторий жарыяланганы этникалык кыргыздар көп жашаган жерлерде талаш-тартыштарды жаратып келет.



Нарында Памирден көчүп келгендерди кандай тосуп алышты?
Нарын облусунун губернаторунун орун басары Жаркын Ибраева
Афганистандан келген этникалык кыргыздар тууралуу
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандан башка өлкөлөрдө 800-900 миң этникалык кыргыздар жашайт. КРнын Президентинин алдындагы жарандык алуу маселеси боюнча комиссиясынын маалыматына ылайык, көз карандысыздыктын алгачкы жылдары 1995-жылдан 2013-жылга чейин 40 миңден ашуун этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алышкан. 1993-1997-жылдардагы Тажикстандагы жарандык согуш учурунда Кыргызстанга көчүп келгендердин саны көп болгон. Ошол маалда 20 0006 этникалык кыргыздар кайрылман макамын алышкан. Мамлекеттик өкүлдөрдүн баасына ылайык, этникалык кыргыздарды көчүп келүүсү көбөйө бермекчи. Бул маселени изилдөө үчүн статистикалык маалыматтарга таянуу керек жана Тажикстандын, Кытайдын, Өзбекстандын ж.б. өлколөрдүн жарандыгы бар этникалык кыргыздардын арасында сурамжылоо жүргүзүү зарыл.
Булак: КРдагы стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маалыматтары, Бишкек

Алымтагы Ата Мекен
Этникалык кыргыздардын көчүп келүү тарыхы
Жашап жаткан жериңерди барктабай жатасыңар...
Долбоордун авторлору: Назира Джуман, Алмаз Исман, Вадим Джумабаев, Наргиза Өмүрбек кызы

Инфографика: Вартан Бенлиян


This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website